Рух - 7Gen

7Gen

Ulukmanapo

专辑:《JUNG GUCK (Explicit)》

更新时间:2025-08-03 17:14:41

文件格式:flac


Рух - 7Gen 歌词

Жер титирегенде, суу каптаганда

Ар бирибиз кадимкидей пенде

Адамгерчилик эн башкы тамга деп

Эскерүү келип турганда

Эскерүү келип турганда

Аң сезимди оң бурганга

Аң сезимди оң бурганга

Сенин көздөрүң ачылат

Өзгөрүү тамчылап

Эң биринчи суусап

Маданият, табият!

Кайсыл катарда болоруңду танда

Кайсыл сапаттар жоголуп адамда?!

Адаттагыдай оролуп арамга

Баратабыз айла жоктой акыр заманга

Биз даяр болгондой!

Бир өмүрдү толук колдонбой!

Адашабыз чие жолдордой

Өнүгүүсү жок-жок долбоордой

Өзүбүз өзүбүздөн коргонбой!

Алгалай бер кыргыз эл

Азаттыктын жолунда!

Өркүндөй бер, өсө бер

Өз тагдырың колуңда!

Мен бир дегенде көз ачтым

Эки дегенде сүйлөдүм

Үчкө жетээр менен чачтым

Кызыктуу тарыхты дүйнөнүн!

Ар бир тилектен бир бата!

Жаш зиректен бир бата!

Тынчтык үчүн гана асманга

Замбиректер атат

Биздин аталар үчүн

Апалар үчүн

Өнүгүп өскөнгө себеп болгон каталар үчүн!

Мен Барсбектин уулумун!

Кылым каарыткан улутум!

“Кыргыздар” ууругум!

Күнүмдү тоспойт булутуң!

Неге?

Десең, десең, десең!

Менде

Эркин жүрөк согот эгер билбесең!

Мен Барсбектин уулумун!

Кылым каарыткан улутум!

“Кыргыздар” ууругум!

Күнүмдү тоспойт булутуң!

Алгалай бер кыргыз эл

Азаттыктын жолунда!

Өркүндөй бер, өсө бер

Өз тагдырың колуңда!