Калбады - 7Gen

7Gen

DVRK45

专辑:《JUNG GUCK (Explicit)》

更新时间:2025-06-02 20:42:12

文件格式:flac


Калбады - 7Gen 歌词

Калбады

Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады

Мени токтотуп терең ойго бири да салбады!

Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары!

Кудайга шүгүр калганы!

Сенде эмне бар?

Менде эмне жок!

Мбаппе, Неймар

Дегендей жооп!

Фифа элестеткендей го

Фифа бойдон калган Джей Лоу!

Бирөөңдө там, бирөөңдө сарай

Бирөөңөр танк, бирөөңөр калай

Бирөөңөр хан, бирөөңөр малай!

Бирөөңөр тосот, бирөөңөр жалайт!

Канчалык артты караба

Түздөйм деген кездерге

Мүмкүнчүлүгүң жок барганга!

Үзбөйм үмүтүмдү десең деле!

Андан көрө бас-бас-бас

Кыймылдачы тарс-тарс-тарс

Көз коркок деп кас-кас-кас

Бүтүргөнүң парз-парз-парз!

Калбады

Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады!

Мени токтотуп терең ойго бири да салбады!

Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары!

Кудайга шүгүр калганы!

Качан кирет башыңа

Бир ирет!

Кыялың кайра

Тирилет!

Айланаң кайра

Биригет!

Айдаган жайда

Чимирет!

Муну кылмакмын, тигини кылмак эмесмин

Ушул жыл жакты, тигиниси анча эмес экен!

Бирок мен таптым темселебестен

Эмнеде бактым кайгыны кескен!

Кыйынчылык артынан жеңилдигиң келет!

Баары оңолооруна кепилдигин берет!

Сыноонун артынан жеңиштериң келет!

Берекелүү натыйжада жемиштерин терет!

Ыраазычылыгыңан соң

Бакубат табасың чоң!

Адам кылыгынан оң

Соо бойдон калып ойлонгон!

Калбады

Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады

Мени токтотуп терең ойго бири да салбады!

Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары!

Кудайга шүгүр калганы!