Аруу - 7Gen

7Gen

专辑:《JUNG GUCK (Explicit)》

更新时间:2025-05-30 20:06:27

文件格式:flac


Аруу - 7Gen 歌词

Сыгылган сезимди суулаган

Жамгырга ишенбеген жайда

Көз алдымда жылдыздай кулаган

Жарыгың тең көрүнүп айга!

Сылагым келет кучагымда

Сага Арнап ырдагым келет кулагыңа

Кандай бакыт кандай гана керемет сага

Жолукканым убагында!

Келээриң менен мен тегеренбей

Мээримиңден жер ээлегендей!

Себеби кенен себелегендей

Сенин аруузатың тебеленбейт!

Сен мени кечирбегенде

Өзүмдү кантип кечирмек элем!

Кумардын куйругун кызыгып эрчибегенде

Кайсы катаны кетирмек элем!

Сылагым келет кучагымда

Сага арнап ырдагым келет кулагыңа

Кандай бакыт кандай гана керемет!

Сага жолукканым убагында!

Келээриң менен мен тегеренбей

Мээримиңден жер ээлегендей!

Себеби кенен себелегендей

Сенин аруузатың тебеленбейт!

Менин ар бир күнүм сен!

Эң эле эң аруу таза сезимден

Мага дем берилген!

Ошол заматтан бери мен

Кетирбегем алыска сени эмитен

Өмүргө тең болгонуң үчүн күнүм сен!

Эң эле эң аруу таза сезимден

Мага дем берилген!

Ошол заматтан бери мен

Кетирбегем алыска сени эмитен

Өмүргө тең болгонуң билбесең!

Келээриң менен мен тегеренбей

Мээримиңден жер ээлегендей!

Себеби кенен себелегендей

Сенин аруузатың тебеленбейт!